Биринчи мамлекеттик сапар! Президент Кытайга эмнеге барат

Мамлекет башчы 9-10-июнда Циндао шаарында (КЭР) өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына дагы катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 6-8-июнунда Кытайга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков брифинг учурунда билдиргенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Жээнбеков сапардын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, мамлекеттик кеңештин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугат.

"Бул визит келечекке багытталган кыргыз-кытай кызматташтыгын жана өнөктөштүгүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кыргыз тарап чоң маани бере турганын билдирет", — деди Сыдыков.

Кытай Кыргызстанга 70 миллион доллардан ашык акча берет. Ал кайда жумшалат
Ал ошондой эле президент 9-10-июнда Циндао шаарында (КЭР) өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катыша турганын белгиледи.

Боло турган саммитке Индия менен Пакистандын жетекчилери биринчи жолу катышат.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында, Шанхай кызматташтык уюмунун мындан аркы өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар чечимдер талкууланып, кабыл алынат.

Саммиттин алкагында Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын башчысы Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү пландалууда.