Турусбекова: ата-энеси бар туруп 11 миң бала интернатта тарбияланууда

Адис абалды өзгөртүш үчүн социалдык кызматкерлер жакшы иш алып барышы керектигин айтат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. ЮНИСЕФтин социалдык саясат программасынын адиси Гүлсана Турусбекова 11 миңден ашык бала мамлекеттин кароосунда экенин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Специалист программы социальной политики ЮНИСЕФ Гульсана Турусбекова

"Бул балдардын 95 пайызынын ата-энелери тирүү. Абалды өзгөртүш үчүн социалдык кызматкерлер жакшы иш алып барышы керек. Ар бир учурду жеке түрдө карап, баланын муктаждыктарын баалап, аны социалдык жактан коргоо зарыл", — деди Турусбекова.

Анын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн маселесин системалуу түрдө чечкенде гана мындай үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан сапаттуу колдоо алып баштайт.