Сирия президенти Башар Асад Түндүк Кореяга баруу ниетин билдирди

Басылма Сирия президентинин "Бириккен Корея идеясынын ишке ашуусуна" ишеним артаарын билдиргенин жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 3 — июн — Sputnik. Сирия президенти Башар Асад Түндүк Кореяга барып, аталган өлкөнүн лидери КИМ Чен Ын менен жолугуу ниетин билдирди. Мында маалыматты РИА Новости кореялык "Нодон синмун" басылмасына шилтеме кылып билдирген.

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуудан баш тартты
Бул туурасында Асад 30-майда Сириядагы Түндүк Кореянын элчисине ишеним грамотасын тапшыруу учурунда айткан.

Басылма Сирия президентинин "Бириккен Корея идеясынын ишке ашуусуна" ишеним артаарын билдиргенин жазган.

Андан сырткары "Сириянын өкмөтү Түндүк Корея бийлигинин саясаты менен иш-чараларын толугу менен колдойт жана эки тараптуу мамилени кеңейтип жана тереңдетет" деп айткан сөздөрүн да келтирген.

Буга чейин Түндүк Кореяга Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров барып, Ким Чен Ын жана башка расмий аткаминерлер менен жолугуп кайткан.