Ишкер Азамат Байматов: эки буту жоон санынан жок энени көргөндө денем муздай түштү

Ишкер Азамат Байматов топтогон каражатын ыксыз коротуп, кычыраган унаа, үйгө сарптагандардын катарын толуктабайт. Тапкан-ташыганын бей-бечараларга берүүгө ашыгып, жардамга муктаж адамдарды аз да болсо бактылуу кылыш үчүн "Кайрымдуу бол!" аттуу коомдук фонду түзгөн.
Sputnik

Коомчулукка кайрылып майып, кароосуз калган 20га чукул  энени  үй-жайлуу кылып, жакшылыктын үрөнүн сепкен ишин улантып келе жаткан Байматов менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева маектешти.

— Кайрымдуулук иштерди жасап калууңузга эмне түрткү болду эле? Фонд түзүүгө бир нерсе себеп болсо керек?

Беш жашар кыз апасынын көз алдында үзүлүп кетти... Психолог Иманалиева менен маек
— Чоң атам коомго пайдасы тийген, ачарчылыкта элди баккан, араздашкан адамдарды ынтымакка чакырган инсан болуптур. Ал кишини көрбөй калдым, бирок курдаштары дайыма чоң атамды мактап калышчу. Аны уккан сайын сыймыктанып "мен да ошондой элге пайдасы тийген киши болою" деп тилей берчүмүн. Элге жакшы иш жасоону окуучу, студент кезимде эле баштадым. Апалардын колундагы оор сумкаларды көтөрүшүп батасын алганда кадимкидей дем-күч алчумун. Студент кезде оператор болуп тойлорду видеого тартып, андан тапкан акчага унаама 10 литр май куюп алып кары-картаңдарды бекер ташычумун. Тааныштарым "Азамат мээсинен айнып калганбы" деп таң кала беришчү.

Бир күнү интернеттен "баспаган бутум менен депутаттардан тарта, министрлерге чейин жардам сурап барбаган жерим калган жок" деп шолоктоп ыйлаган энени көрүп калдым. Ызаландым, боорум ооруду, акыры элден сураштырып отуруп дарегин таптым. Ал-абалы менен таанышкандан кийин досторумду жардамга чакырып ортодон акча чогултуп 2015-жылы баштаган үйдү 2016-жылы бүтүрүп ал энеге жаңы тамдын ачкычын тапшырдык. Анда улуулар "Кыргызстанда мындай жардамга зар аялдар, энелер көп ишиңерди токтотпогула" деп батасын берди. Ошондон кийин кайрымдуулук фондуну түздүк.

Организатор общественного фонда "Кайрымдуу бол!", предприниматель Азамат Байматов

— Жардам сурап кайрылгандар көп болсо керек?

— Аябай көп. Фондубуз түзүлгөндөн кийин радио, гезит, журналдарга барып маек берип жүрсөм бир аял чалып "Азамат сен тууралуу радиодон уктум, телефонуңду да ошол жактан алдым. Сенден эч нерсе суранбайм, болгону мага бир келип кете аласыңбы" деп калды. Колум бошобой баралбай жүрүп, дагы бир чалганда бардым. Үйүнө кирип ал эненин көргөндө денем муздай түштү. Кичинекей тар бөлмөдө, бурчта керебетте ордунан тура албаган жашы 50дөн өтүп калган аял киши  жатыптыр. Барып учурашсам "ушул төрт дубалдын ичинде өмүрүмдүн өтүп жатканына 28 жыл болду" деп мени кучактап алып аябай ыйлады. Төшөгүн ачканда денем "дүр" эле түштү. Аялдын буту жон санынан өйдө жок экен. Бою бир метрчелик. 28 жыл үйдөн чыкпай, керебеттен турбай жаткан адамды элестетиңиздер…  Жөрмөлөп оокат кылат экен. Жалгыздык жанга батканын айтып, шолоктоп ыйлады. Көрсө, ал эне катуу дартка чалдыкканда кайненеси баласына "ооруп калса, муну менен өмүр бою жашайт белең" деп ажыраштырып, эки баласын алып кетип калыптыр. Балдары азыр чоңойгон менен бир басып келип энесинин ахывалын сурап койбоптур. Азыр кызы анда-санда келип каралашып турат экен. Ичим ачышканынан "эне сиздин уулуңуз мен болоюн" дедим. Ал күнү үйгө барып түнү менен уктабай бул энени эмне кылып кубандырсам деп ойлонуп чыктым. Ошентип интернеттен карап атып, Рахат эжеге функционалдуу керебет алып барып бердик. Андан бери эки жыл өттү. Учурда ал энеге үй салып жатабыз, жакын арада курулушу бүтүп калат.

Организатор общественного фонда "Кайрымдуу бол!", предприниматель Азамат Байматов

— Кайрылган бардык адамдарга эле үй салып бере бербейсиңер да?

— Ооба, ар кандай тагдыр менен көп адам жардам сурап келет. Бирок биз фондуну негиздеп жатканда энелерге басым жасоону туура көрдүк. Себеби апалардын мээнети зор, алар көргөн азапты көп адам көрбөйт эмеспи. Анын ичинен биз ден соолугунан жабыркап, кароосуз калган энелерге басым жасайбыз. Арабызда бир эмес, үч майып баланы баккан аялдар бар. Алардын бири Асыл аттуу эже. 17 жылдан бери автоунаа жууган жерде иштейт. Майып эки баласын күнүгө жумушка сүйрөп барат. Жанына коюп алып унаа жууп, түшкү тамактарын берип коюп кайра ишин улантат.  Жакында ал да үйлүү болду. Биз аялдарга там салып бергенибиздин себеби көп адам калаада батирде туруп, тапкан-ташыганы анын акысын төлөөгө кетирет. Жок дегенде үйлүү болуп калса бирөөнүн көзүн карабай өз үйүндө жашап, санаасы тынч болот да.

Жаңы үйлүү болгондо ыйладым. Өзгөндө 20 жылдыктар пенсионерге там салып берди
Өмүр бою балам деп жашап, анын ысык-суугуна чыдаган энени кароосуз калтырган эргулдарга эми сөз жок. Жакында эле аз жерден карылар үйүнө барып кала жаздаган энеге сооп иш жасадык. Ал аялдын күйөөсү каза болуп, баласы ичкиликтин айынан адамдык сапаттан чыгып калыптыр. Кемпир болсо баса албай ооруканага жатып калыптыр. "Ал жактан чыккандан кийин караган адам жок карылар үйүнө жөнөтүлөт экен" деп жарандар кайрылып калды. Негизи бизге чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештердин айрымдары "Бишкектен алып койгон үйүм бар, көп жылга чейин бара албайт окшойм, үйү жок бей-бечара же кароосуз калган адамдар болсо өз көзөмөлүңөргө алып убактылуу жашата тургула" деп жазып калышат. Эненин окуясын угаары менен баягы мекендештин сунушу эске түштү. Ооруканадан чыккандан кийин апаны ошол адамдын үйүнө алып барып жайгаштырдык. Ай сайын барып абалынан кабар алып, текшерип турабыз.

— Бир там тургузуу оңой эмес го. Кайрымдуулук иштерине каражатты кайдан табасыңар?

— Чет өлкөдөн акча сурабайбыз. Кайрымдуу иштерди жасаарда кыйынчылык абалга туш келген энелердин окуясын түшүндүрүп коомчулукка кайрылабыз. Арасынан өз каалоосу менен жардам беребиз дегендер чыгат. Баса, белгилеп кетчү нерсе, өлкөдө боорукер адамдар көп, айрыкча чет жерде иштеп жүргөн мекендештерден жардам көп келет. Мисалы, үй салаарда, ар ким колунан чыккан акчасын атайын эсепке салат. Аны биз чогултуп үй баштап бириникине үйдүн пайдубалын курсак, экинчисиникине кирпич алабыз. Ошентип бир үй салууга көп адам себепкер болот. Там бүткөндөн кийин ар биринин аты аталып, энелер, эл батасын берет.

Атын атагысы келбей, сооп иш жасагандар көп, ал тургай минип жүргөн атынан бери жардамга муктаждарга бергендер бар. Өткөндө бир киши чалып, "Азамат мага келип жолугуп кетчи" деп калды. Жардам сурагандардын бири го деп барсам, ат таптаган адам экен. Бир күлүгүн чыгарып "кайрымдуулук иштердин бирине керекте, бирок менин атым аталбасын" деди. Ошол кезде жогоруда айткан буту жок Рахат эненин үйүнүн курулуш иштери жүрүп жаткан. Жылкыны алып барып базарга сатып, дубалына керектүү газ бетон алдык. Жумуштар бүткөндөн кийин ал байкени, Рахат энени чакырып батасын алды. Мына ушундай эч кимге кылган ишин милдет кылбаган кайрымдуу адамдар арбын. Көрсө,  жакшы иш кылсаң, Кудай сага эки эселеп кайтарып берет экен.

Строительство дома для семьи Мамыровых в селе Степное

— Жеке ишкерлик менен алектенем деп калдыңыз?

— 2004-жылдан 2008-жылга чейин оператор болуп той тартчумун. Кудайга шүгүр жакшы эле каражат топтодум. Андан кийин беш жыл унаа алып-сатып иштедим. Бутка туруп калгандан кийин Талас облусунда кафелерде сүрөт кызматын жайылтып, ал жактан да жакшы пайдасын көрдүк. Азыр ошол иштерим бар, андан сырткары дагы майда-чүйдө каражат табуу булактарымды иштетем.

— Кайрымдуулук иштерди жасоо бизнес деп дагы коюшат. Сиз буга кандай карайсыз?

— Элден чогулган ар бир акчанын отчетун чыгарабыз. Ким канча сом салса, ага эмне алганыбызды сүрөткө тартып туруп жөнөтөбүз. Бул жерде максатыбыз бирөөнүн ак эмгегин жеп алуу эмес, башкаларга бакыт тартуулоо. Биз тескеринче, жетпегенине өз чөнтөгүбүздөн каражат чыгарып беребиз. Кудайдын алдында акпыз.

— Кесибиңиз боюнча кимсиз?

— Кичине кезимде медреседе окугам. Жогорку билимди Ислам университетинде алып, араб тилинен котормочу адистигин аяктагам.

Организатор общественного фонда "Кайрымдуу бол!", предприниматель Азамат Байматов

— Силердин фонду башкалардан айырмаланып жарандарга дагы кандай жардамдарды бере алат?

Балдар кор болбосун! Сокулукта 24 бала асыраган өзгөчө үй-бүлөнүн турмушу
— Биз жардамга муктаж адамдарга үй эле салып берип чектелбейбиз. Акысыз ашкана ачып, бекер кийим берген дүкөнүн ачканбыз. Ал жактан майып бала баккан энелер документин көрсөтүп, каалаган кийим-кечесин алып кетсе болот. Эми бекер чач тарач жана мончо ачалы деген ниетте турабыз. Эки айда бир жолу биздин кызматкерлер көчөдө арак ичип жатып калган эже-байкелерди чогултуп жуунтуп, тазалантып өзүнө келтирип анан жумушка орноштурабыз.

— Балдарыңызды кандай ыкма колдонуп тарбиялайсыз?

— Беш балам бар. Аларды карылар, балдар үйүнө көбүрөөк алып барып турууга аракет кылам. Себеби ал жакты көргөндөн кийин өздөрү эле тарбияланып калат. Аялыма да ушундай ыкма колдоном. "Шуба, алтын шаке, сөйкө, билерик алып бер" дегендер буту жок, эптеп оокат кылып жаткандарды көргөндө "шүгүр" дегенди үйрөнүшөт.