Баткенде 20 жылдыктар майып адамга унаа сатып беришти

Алар жеңил автоунааны 100 миң сомго сатып алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Баткенде 20 жыл мурун мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кишиге автоунаа белек кылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Жаңы үйлүү болгондо ыйладым. Өзгөндө 20 жылдыктар пенсионерге там салып берди
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы №22 "Дыйкан" орто мектебин бүтүргөндөр имамдын демилгеси менен 100 миң сомго Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны тартуулашкан.

Белекти алган Жусуп Адамов буга чейин велосипедге таянып басып жүргөн. 20 жылдыктар мындан башка дагы беш үй-бүлөгө азык-түлүк таратып, кубандырган.

Буга чейин аталган райондогу бүтүрүүчүлөр биринчи мугалимине 700 миң сомго батир алып беришкен.