Радио

Бейшембаев: тамеки тартуу рак оорусуна жол ачат

Улуттук онкология жана гематология борборунун онкохирургия бөлүмүнүн башчысы, медицина илиминин доктору, профессору Мукаш Бейшембаев жарандар тамеки тартуу менен ден соолугуна балта чаап жатканын айтты.
Sputnik
Бейшембаев: тамеки тартуу рак оорусуна жол ачат

Тамеки тартуу өпкөнүн рак оорусуна алып келет. Бул тууралуу Мукаш Бейшембаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тилекке каршы, тамеки тарткан адамдар ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап келет.

"Тамеки тарткан жаш кыздардын саны барган сайын өсүүдө. Тамеки ракка, бронхит, жөтөл сыяктуу бир нече ооруларга жол ачат. Муну көпчүлүк сабатсыздыгынан улам түшүнбөй тамекинин зыяндуулугуна көңүл кош карашат. Алар өздөрү тамеки түтүнүнүн 20 пайызы, ал эми айланасындагы адамдардын 80 пайызы менен ууландырып келишет", — деди Бейшембаев.

Ал  чылым чегүүнү дароо эмес, акырындан таштоо керектигин кошумчалады.