Бензовоздун айдоочусу аялды байкабай тебелеп кетти. Кытайда тартылган видео

Көзөмөл камерасына айдоочу аялды коюп кеткени тартылып калган. Бактыга жараша ал автоунааны дароо токтотууга үлгүргөн.
Sputnik

Сайга кулаган бензовоз, сордурулган солярка. Лейлектеги кырсык
Кытайдын Чжанцзяган шаарында бензовоздун айдоочусу автоунааны артка айдап жатып аялды коюп кеткенин CGTN телеканалы билдирди. Окуя 25-майда болуп, көзөмөл видеокамерасына түшүп калган. Видеодо көрүнгөндөй аял велосипед менен киши өтө турчу чийинде турганда оор жүк ташуучу автоунаа коюп кеткен.

Жабырлануучу аял машинанын алдында калып, айдоочу алдыга айдап токтогондо аял машинанын алдынан соймолоп чыккан. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, тирүү калды.