Мектепте китеп жаңы системасы менен ижарага бериле баштайт. Артыкчылыгы эмнеде

Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептеринин жетишсиздигин чече турган мекеме түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. КР өкмөтү окуу китептерин ижарага берүүнүн жаңы системасын карап жатат. Өкмөттүн маалымат кызматы аталган министрликке "Жаңы китеп" мекемесин түзүүнү тездетүү тапшырмасы берилгенин билдирди.

Курулбай жатып чөгүп, чуу болгон"Ала-Тоодогу" мектеп кайра оңдолду
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча мектептердеги китептин 60 пайызынын эскилиги жеткен. Окуу процесси санитардык-гигиеналык нормага жана талаптарга туура келбей турганы билдирүүдө айтылат.

Андан сырткары, ата-энелер балдарына бир китепти 250 сомдон 500 сомго чейин сатып беришет. Бирок китеп сатып алууга мүмкүнчүлүгү болбогон ата-энелер да бар.

"Жаңы китеп" мекемеси китеп таңкыстыгын ижара системасы менен чечет.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымдашынча, жакыр жашаган үй-бүлөрдүн балдары төлөмдөн бошотулат, ал эми бир үйдө 3-4 баласы окугандар ижара акысынын 50 пайызын төлөйт.

Өкмөттөн билдиришкендей, жаңы предметтик билим берүү стандарттары менен чыккан жаңы китептерден гана ижара алынат.

Билим берүү министрлиги ижарага бериле турчу китептердин тизмесин бекитип турат.