Биз жатын моюнчасынын эрозиясынын (жара) пайда болуш себеби, белгилери, алдын алуу жана дарылоо ыкмалары тууралуу сурадык.
Аныктамасы
Жатын моюнчасынын эрозиясы — аялдын жыныс мүчөсүндөгү жатын моюнчасынын былжыр челинин жаракатка кабылуусу.
Белгилери
Жара жатын моюнчасында челди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Жыныстык катнаш учурунда оорутат жана кан аралаш суюктук бөлүнүп чыгат. Жара ачык кызыл түстө жана тегерек формада болот.
Себептери
Жара бар экенин кантип билсе болот?
Жатын моюнчасынын эрозиясын аныктоо кыйынчылык деле туудурбайт, дарыгердин бир текшерүүсү жетиштүү. Эрозияны текшерүү үчүн гинеколог жатындан мазок (жука челден былжырды сүртүп алуу) тапшырууну сурайт. Андан соң кольпоскопия жана видеокольпоскопия аспаптарынын жардамы менен карап чыгат. Бул аппараттын жардамы менен жатындын абалын көрүүгө болот. Мындан тышкары, жыныстык органдардагы инфекциялар менен гормондорду текшерип аныктайт.
Дарылоо жолдору
Оору менен күрөшпөсө эмне болот?
Эрозия белги бербей, оорутпай жүрө бериши мүмкүн. Бирок көңүл бурбай койсо, кайгылуу аякташы мүмкүн. Биринчи кезекте ооруга кабылган аял сырттагы инфецияларга туруштук бере албайт, төрөбөй калышы мүмкүн. Андан да кооптуу нерсе — өтүшүп кеткенде жатындын залалдуу шишигине (ракка) алып келет.