БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Парламент депутаты Аскарбек Шадиев Кыргызстандын аймагынан чыккан эмес деген маалыматты 31-майда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында таратты.
Белгилей кетсек, буга чейин Шадиев чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чыгып кеткени айтылган болчу.
Сагынбаевдин айтымында, эгер Шадиевдин чет өлкөгө кеткени аныкталса, ага мамлекеттик чек араны мыйзамсыз басып өткөндүгү боюнча кылмыш иши козголот.
30-май күнү өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчет берип жаткан жыйында депутат Рыскелди Момбеков мурдагы биринчи вице-премьердин кайда экенине кызыкты. Бирок Жамшитов бул суроону жыйынга катышып отурган УКМКнын өкүлүнө оодара койгон.
УКМКнын өкүлү чек ара кызматынын маалыматына таянып, Шадиев Кыргызстандын аймагынан чыкпаганын билдирди. Ошондой эле ал Шадиев 28-апрелде козголгон кылмыш иши боюнча чакырылып иш менен таанышканын, бирок жаңы козголгон кылмыш иши боюнча суракка келе электигин айтты.
Эске салсак, Апрель айынын соңунда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.