Кыргызстандын футбол командасы Азербайжанга жеңилип калды

Оюнга Түркиядан келген бригада калыстык кылды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Азербайжандын футболчуларына 3:0 эсеби менен утулуп жеңилүү ызасын тартты. 

Жолдоштук беттен Бакудагы олимпиада стадионунда өткөн. 

КРдин футбол курамасы Азия чемпионатында кайсы күндөрү ойнойт? Расписание
Алгачкы топ кыргызстандыктардын тайпасына биринчи бөлүктө эле кирди. Экинчи болүктүн 75 мүнөтүндө экинчи топ кирсе, андан 10 мүнөт өтүп Азербайжандын футболчулары дагы бир топ киргизип жеңишке жетишти. 

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктырууусу Александр Крестинин мурда айткандай эле расмий оюндарда запаста турган футболчуларды катыштырганын билдирди. 

Демек, Бакуга команданын капитаны Азамат Байматов, мыкты оюнчулар Виктор Майер (жаракат алган), Эдгара Бернхардт жана Виталий Люкс барган эмес.