Кыргызстандын эң чырайлуу келини тандалды. Сулуунун сүрөттөрү

Баш байгени уткан келин Алтынкыз Базакбаева үч баланын энеси.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Узаган жекшемби күнү борбор калаада келиндер арасында "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.

"Бул жеңишке жетүү менен ал декабрь айында Филиппинде өтө турган эл аралык "Аалам сулуусу — 2018" сулуулар сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды", — деди Намазбекова.

Ошондой эле ал таажы ээси 33 жашта экенин жана юрист болуп иштеп жатканын белгиледи.

Өткөн жылы ушул эле сынакта эң сулуу келин наамы Назик Сагынбековага буюрган.

1 / 3
Узаган жекшемби күнү борбор калаада келиндер арасында "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы өттү
2 / 3
Аталган сулуулар сынагы ушуну менен бешинчи ирет өтүп жатат
3 / 3
Бул жолкусунда 24 келин ат салышты.