Ызам чексиз! Исаков УКМКдан чыгып айыптоолорго нааразы болду. Видео

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен чыккандан кийин ызасы чексиз экенин журналисттерге айтты.
Sputnik

Ага бүгүн "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоору боюнча козголгон иштин алкагында "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Исаков өзүнө тагылган айып боюнча токтом менен таанышып бүтпөгөнүн, учурда ызаланып труганын билдирди.

"Уксаңыздар, алгач соцтармак жана ЖМКлар аркылуу Исаковдун атын булгап, жөнөкөй адамды кылмышкер кылып көрсөтүштү. Мени кечириңиздер, балким эмоцияга алдырып жибергендирмин. Болуп жаткан башаламандыкка таң калып бүтпөй жатам", — деди ал.

Сапар Исаков Кытайга канча жолу учканын айтты
Ал ошондой эле мындан ары жактоочусу менен биргеликте күнөөсү жок экенин далилдөөгө аракет жасай турганын кошумчалады.

Мындан сырткары, Исаков TBEA компаниясынын өкүлдөрү менен 18 жолу жолуккан деген маалыматты четке кагып, Кытайдын элчилигинин кызматкерлери жана ал өлкөнүн соода боюнча өкүлдөрү менен кезиккенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Исаков бүгүн, 29-майда үчүнчү ирет суракка чакырылган.