Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарат

Абдырахман уулу 2010-2013-жылдары ЭлТР телеканалынын башкы директору болуп иштеген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik.Шайырбек Абдырахман уулу Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Анын айтымында, Абдырахман уулу бүгүнтөн баштап ишке киришет.

"Азырынча милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми анын талапкерлигин байкоочу кеңештин жыйынына сунуштап, эгер алар колдоп, добушун берсе расмий түрдө иштей баштайт", — деди Карыпбеков.

Илим Карыпбеков депутаттын көчмө студия боюнча айтканына жооп берди
КТРК орун басарынын мурунку жетекчиси Кайрат Иманалиев аталган кызматтан үстүбүздөгү жылдын 23-майында өз арызынын негизинде кеткен.

Шайырбек Абдырахман уулу 1976-жылы 27-сентябрда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде билим алган. Эмгек жолун КТРКдан баштап, "Добуш" автордук берүүсү менен эл оозуна алынган. Ал эми 2010-2013-жылдары ЭлТР телекомпаниясынын башкы директору болуп иштеген.