Ош шаарынын негизги көчөлөрүндө беш күнгө газ өчөт

Жаратылыш газын берүүнүн үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине байланыштуу.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын маалымат кызматы оңдоо иштеринен улам Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө беш күнгө газ өчүрүлө турганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-майдан 2-июнга чейин калаанын Султан Ибраимов, Сүйүнбаев, Алиев жана Ленин көчөлөрүнө жаратылыш газын берүү токтотулат.

Оңдоо иштери шаар тургундарын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы айтылат.