Өлкөдөгү Аскар Акаев менен Алмазбек Атамбаевдер. Мурунку ажолордун адаштары

Эгемен Кыргызстанды учурда бешинчи президент башкарып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанда мурунку президенттердин адаштары бар. Sputnik агенттигинин кабарчысы биометрикалык маалымат тапшырып, шайлоочулардын катарына кирген жарандардын тизмесин карап чыкты.

Марат, Медер, Сезим, Сейил. Атыңыздын маанисин билесизби?
Эскерте кетсек, эгемен Кыргызстанды учурда бешинчи президент башкарып жатат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө үч Аскар Акаев жашайт, Айта кетчү нерсе алардын ичинде мурунку ажо жок. Мындан тышкары, төрт Курманбек Бакиев менен төрт Алмазбек Атамбаев бар, анын бири — экс-президент. Ал эми Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын адаштары кезиккен жок.

Буга чейин "Манас" эпосунун каармандарынын атын алып жүргөн мекендештерди да жазганбыз.