Париж: 5-кабатта асылып турган баланы куткарып калган кишинин видеосу

Калаа мэри Гассамдын эрдигин укканда Францияда жашап калууга жардам берерин убадалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон 5-кабаттын балконунда асылып калган баланы куткарган малилик адам менен жолугат.

Жолугушуу бүгүн эртең мененкиге пландалган.

​BFMTV телеканалынын маалыматына ылайык, төрт жашар бала аз жерден 5-кабаттын балконунан учуп кете жаздаган. Аны көрүп калган Мамуд Гассам аттуу адам бир заматтын ортосунда үйдүн бешинчи кабатына башка балкондор менен чыгып баланы сактап калган.

"Бул эр жүрөк адам өз өмүрүн тобокелге салып наристени аман алып калды", — деп жазган Twitter баракчасына Париждин мэри Анн Идальго.

Калаа мэри Гассамдын эрдигин укканда ага Францияда жашап калууга жардам берерин убадалаган.