Бишкектин жака белинде кар жаады. Сүрөт

ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, күн сууктай турганын эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкектин түштүк жагында жайгашкан Воронцовка айылында кар жаап жатканын күбөлөр билдирүүдө.

Ушу тапта соцтармакта сүрөттөр жайгаштырылып жатат. 

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, күн сууктай турганын эскерткен.

Айрым пайдалануучулардын айтымында, Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда да кар жаап жатат.