Юрий Краковецкий баштаган дзюдочулар эл аралык турнирге катышат

Курама команда үчүн спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 744 миң сом каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Дзюдо боюнча курама команда эл аралык мелдешке катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Азия чемпиону Михринса: апамды сагынганда көйнөгүн кучактап жатчумун
"Гран-При Хоххот" аталыштагы турнир 25-28 май күндөрү Кытайдын Хоххот шаарында өтмөкчү. Анда өлкө атынан Юрий Краковецкий, Болот Токтогонов жана Артур Тэ катышат. Спортчуларды ага машыктыруучу Сергей Мистрюков менен башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов коштоп барат.

Мелдештен кийин спортчулар төрт күндүк окуу-машыгууларын өткөрөт.

Курама команда үчүн спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 744 миң сом каралган.