Жекшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. 27-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Көлдөгү кардын кесепети: материалдык чыгым 17 млн. сомдон ашты
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй өрөөнүндө, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында күндүн табы 28…33 градуска чейин көтөрүлсө, Таласта 27…33 градус ысык болот. Ысык-Көлдө 19…24, ал эми Нарында 22…27 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек менен Ош шаарында өткүн өтөт, абанын температурасы борбор калаада 31…33, Ошто 30…32 градус ысык болот.