Кипрде 4-кабаттан кулаган кыргызстандык комага түшүп калды. Окуянын чоо-жайы

Кыргызстандыктын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер бир нече саат күрөшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кипрдеги Гирне шаарында үйүнүн терезесинен учуп кеткен 27 жаштагы кыргызстандык жигит комага түшүп калды, учурда абалы оор. Бул туурасында Kibris Gazetesi басылмасы жазган.

Газетанын маалыматына караганда, ал 4-кабаттан кулап, бетонго түшкөн. Андан сырткары денесинде бычакталган издер калган.

Кыргызстандыктын өмүрүн сактап калыш үчүн Лефкош шаарындагы Бурхана Налбант оглу деп аталган оорукананын дарыгерлери бир нече сааттап күрөшкөн. Аталган клиниканын башкы дарыгеринин орун басары Сонуч Бүйүктүн айтымында, мекендешибиздин операциясы да оор болгон.

"Аны ооруканага алып келгенден соң жүрөгү бир нече ирет токтоп калып, кайра дем алдырдык. Жигиттин өмүрүн оор операция сактап калды. Учурда ал комада жатат, абалы оор", — деди ал.

Бул окуя боюнча Кипрдин полициясы иликтөө иштерин башаганы да кабарланган.

Дарыгердин айтымында, жигиттин сөөктөрү сынып кеткен, андан сырткары, боору жана табарсыгы жабыркаган.

Элчилик: Подмосковьеде 27 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болду
Тышкы иштер министрлиги Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги окуянын чоо-жайын тактап жаткандыгын билдирди.

"Жабырлануучунун жанында туугандары бар экен, элчилик алар менен байланышта. Окуянын чоо жайын тактап жатат. Учурда кырсык боюнча эки түрдүү версия айтылууда. Эгерде чындыгында биздин жаранга кол салынган болсо, алардын укугун коргоо боюнча иштерди алып барабыз"— деп билдирди Sputnik Кыргызстан агенттигине ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева.

Кыргызстан жаранынын көп кабаттуу үйдөн 24-майда болжол менен саат 10.45 чамасында кулап кеткени маалымдалган.