Милиция "Акыркы коңгуроо" Бишкекте кандай өткөнүн айтты

Мектептеги салтанаттан кийин тартип сакчылары рейд өткөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. 25-май күнү "Акыркы коңгуроо" аземи Бишкекте тынч жана эч кандай кесепетсиз өткөнүн шаардык милиция билдирди.

Бишкектин бүтүрүүчүлөрү акыркы коңгуроодо. Фоторепортаж
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара борбор калаанын 97 мектебинде өтүп, 11-класстын беш миң, 9-класстын 10 миңден ашуун бүтүрүүчүсү уядан учуп чыкты.

Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу менен коомдук тартипке көз салуу үчүн милиция катуу тартипте иштеп, шаар көчөлөрүндө 500гө чукул милиция кызматкерлери нөөмөттө болду.

Мектептеги салтанаттан кийин тартип сакчылары рейд өткөргөн. Коомдук жайларда жүргөн бүтүрүүчүлөр милиция тарабынан ата-энесине өткөрүп берилген.

Баса, "Акыркы коңгуроо" жөрөлгөсү кайдан чыкканына кызыгып көрдүңүз беле? Атайын даярдалган макала.