Чачырап кетти! 380 килограммдык айнектин 47-кабаттан түшүп кеткен видеосу

Окуя Москва шаарынын түштүк-батыш тарабында эл жашаган көп кабаттуу үйдө болгон.
Sputnik

Альпинист-монтажчылар 380 килограммдык айнектин 47-кабаттан түшүп кеткенин видеого тартып калышты.

Кытайда унаасы кран алдында калган айдоочу аз жерден калды
Окуянын кандай болгону YouTube каналына жайгаштырылган.

Окуя Москва шаарынын түштүк-батыш тарабында эл жашаган көп кабаттуу үйдө болгон.

Өйдө жакты көздөй көтөрүп бара жатканда трос үзүлүп кетип, айнек төмөндү көздөй кулаган.

Жумушчулар коопсуздук туурасында кесиптешине кыйкырганга үлгүрүп калгандыктан, эч ким жабыркаган эмес.

Буга чейин кранды селкинчек кылам деп жатып, бийиктен кулаган жумушчунун видеосу тараган.