БШКнын экс-төрагасы Абдраимов өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым өкүлү болду

Облустун буга чейинки жетекчиси кызмат ордунда жарым жылдан ашык убакыт гана отурду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Туйгунаалы Абдраимов өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 25-майда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки токтомго кол койду. Анын биринчисине ылайык, облустун буга чейинки жетекчиси Улан Карагулов өз арызы менен кызматтан кетти.

Экинчи токтом менен бош калган орунга Туйгунаалы Абдраимов дайындалды.

Белгилей кетсек, Карагулов бул кызматка өткөн жылдын ноябрь айында келген.