Оңдоп-түзөөдөн өткөн Тарых музейинин алгачкы сүрөттөрү

Аталгай жайга лифтилер орнотулуп, экинчи кабатында кофейня ачылган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Оңдоп-түзөөдөн өткөн Мамлекеттик тарых музей 31-майда ачыла турганын аталган жайдын директору Кеңешбек Алмакүчүков билдирди.

1 / 8
Тарых музейин оңдоо иштери үч жылга созулган
2 / 8
Музей директору ичи заман талабына ылайык жабдуулар менен жабдылганын айтты
3 / 8
Чыгыш тарабынан кирген босогонун жана кийим илгичтин көрүнүшү
4 / 8
Музей "Акылдуу үй" программасы менен жасалган
5 / 8
Оңдоо иштери 31-майда бүтүп, ачылышы болот
6 / 8
Экинчи кабатында эс алуу жайы жана кофейня аянтчасы жайгашкан
7 / 8
анын аймагында акысыз wi-fi орнотулган
8 / 8
Бул жерге 4,5 миң экспонат чыгарылат. Учурда анын 2,5 миңи коюлган.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары музейдин реконструкцияланышы боюнча көчмө жыйын өткөрүп, ремонт иштерине сын айтышкан.

Жетекчи депутаттардын 100 миң сомго алынган отургучутар тууралуу айткандарына эч кандай комментарий берген жок.

"Бул маалыматтарды текшерүү керек. Мындай билдирүүлөргө мен эч нерсе дебейм", — деди ал.

Алмакүчүков ремонттон кийин музей бир маалда 4,5 миң экспонат көргөзө аларын белгиледи. Буга чейин музейдин аянты 2,5 миңин гана коюуга жол берип келген.

Мындан тышкары, музейге лифтилер орнотулуп, экинчи кабатында кофейня ачылган.