Нарын менен Көлдөгү кар. Тоңгон койлор менен аскадан кулаган жылкылардын видеосу

Шаршемби жана бейшемби күндөрү Кыргызстандын тоолору менен жайыттарына кар түшүп, аба ырайынын температурасы кескин төмөндөгөн. Анын кесепетинен мал өлүп, чабандар чыгым тартты.
Sputnik

Кечээ жааган кар көлдүк чабандардын да 100дөн ашык коюн жок кылды. Сүрөт
ӨКМдин берген маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунда жалпысынан 364 кой, үч жылкы, үч кулун, бир уй жана төрт торпок өлгөн. Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү алдын ала маалыматтар боюнча 424 кой өлгөнүн кабарлады.

Нарында болсо 200 кой өлүп калса, 600 майда жандык изделип жатат.

Кар баскан жайыттардын видеолорун чабандар жөнөттү. Алардын айтымында, Ат-Башы районундагы сууктан улам койлор басып бараткан жеринен тоңуп калган.

Ал эми Ысык-Көл облусундагы Чок-Тал айылында жылкылар катуу шамал менен кардын айынан аскадан кулаган.