Трамп АКШнын Кыргызстандагы элчилигине көрсөткөн Дональд Лу деген ким?

Дипломат буга чейин Бишкектеги элчиликте иштеген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. АКШнын Албаниядагы элчиси Дональд Лу Кыргызстандын элчилигине көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында жазылган.

Маалыматка караганда, Лу менен кошо дагы төрт дипломатты ар кайсы өлкөлөргө (Мальдив, Мальта, Бельгия, Эстония) элчи кылып жиберүү сунушу сенатка жиберилген. 

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуудан баш тартты
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Лу буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде иштеп кеткен. 2003-2006-жылдары элчинин орун басары болуп турган. Ага чейин Борбор Азия менен Түштүк Кавказдагы иштер боюнча башкармалыктын директорунун орун басары болгон.

52 жаштагы дипломат Пешавардагы (Пакистан) консулдуктун саясий бөлүмүндө, АКШнын Тбилисидеги (Грузия) элчилигинде, Нью-Делидеги (Индия) элчинин атайын жардамчысы жана Бакудагы (Азербайжан) элчинин орун басары болуп эмгектенген. 2014-жылы АКШнын Албаниядагы элчиси болуп дайындалган.

Ал орус, албан, грузин, азербайжан, урду, хинди жана батыш африкалык крио тилдеринде сүйлөй алат.

АКШнын КРдеги мурдагы элчиси Шейла Гуолтни дипломатиялык өкүлчүлүктү 2015-жылдан тарта жетектеп, өткөн жылдын август айында кызматынан кеткен.