Өзбекстан БУУнун бачабаздарга тиешелүү 11 сунушун четке какты

Сунуштар Өзбекстандын Кылмыш жаза кодексине каршы келери айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Өзбекстан БУУнун ЛГБТ-коомчулугуна байланышкан адам укугу боюнча 11 сунушунан баш тартты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Өлкөнүн Адам укугу боюнча улуттук борборунун директору Акмаль Саидовдун айтымында, 212 сунуштун 201и гана кабыл алынган.

Бачабаздар менен лесбиянкалар 13 мамлекетте өлүм жазасына тартылат
Саидов 9-май күнү Женевада БУУнун Кеңешинин адам укугуна арналган 33-сессиясы болуп өткөнүн, анда өзбекстандык делегациянын өкүлү улуттук доклад окуганын айтып берди.

Директордун айтымында, четке кагылган сунуштар Өзбекстандын Кылмыш жаза кодексинин 120-беренесине каршы келет.

Акыркы чечим үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында кабыл алынат. Ага чейин Өзбекстан БУУнун рекомендацияларын аткаруу боюнча "жол картасын" иштеп чыгууга тийиш.

120-берене "Безакалбазлык" (Бачабаздык) деп аталат. Безакалбазлык же эркек менен жыныстык катнашта болгон эркек кишиге Өзбекстанда бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.