Бишкекте Айни көчөсүнүн оңдоодон өткөн бөлүгү ачылды

Аталган көчөдөгү оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 23-мартында башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Борбор калаадагы Айни көчөсүнүн бир бөлүгү ачылганын мэриядан кабарлашты.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Псков көчөсүнө чейинки унаалар өтүүчү бөлүгүнүн ремонту аяктады. 

Открытие участка дороги на улице Айни в Бишкеке

Эске салсак, аталган көчөдөгү оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 23-мартында башталган.

Мэрия жаңы жасалган жол эми 5-10 жылга чейин кызмат кылат деп божомолдоодо.