Ыр жазган, эл башкарган. Чыгаан саясатчы Бекмамат Осмонов тууралуу 6 факты

Бекмамат Осмонов эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң күчтүү саясатчы жана коомдук ишмерлердин бири болгон. Ал жаңы кыргыз саясатынын башатында туруп, келечек муун идеал тутуп, үлгү алган залкар инсан экендиги чындык.
Sputnik

Элүүнүн кырын жаңы гана ашып, күчкө толуп турган кезинде жашоо менен кош айтышкан Бекмамат Осмонов көзү тирүү болгондо бүгүн 72 жашка чыкмак. Замандаштары анын эр жүрөк, тайманбас жана чынчыл мүнөзүн баалап, кыргыз үчүн иштеген инсан болгондугун айтышат. Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгаан саясатчы тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт. 

Известный политик Бекмамат Осмонов

Жылкычынын уулу. Бекмамат Осмонов 1946-жылы 24-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Сегиз уулдун төртүнчүсү болгон. Бир туугандардын улуусу гана ата жолун жолдоп жылкычылыкты аркалабаса, калган жетөө жогорку билим алган. Орто мектепти 1963-жылы аяктаган соң Фрунзе шаарындагы Айыл чарба институтунун зооветеринария факультетине тапшырат. Окуу жайды 1968-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп, зоотехник кесибине ээ болот. Дипломун алган соң советтик армиянын катарында кызмат өтөп келет.

Римге чейин барган Алымбек датка. Мамлекеттик ишмер тууралуу 11 факты
Чоң-Алайдагы ийгилик. Келечектеги саясатчынын алгачкы эмгек жолу 1969-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык" асыл тукум кой заводунда зоотехник болуп иштөөдөн башталат. Ишине тың, аракетчил Осмонов 1971-1972-жылдары Араван районунун айыл чарба башкармасына башкы зоотехниктикке, 26 жашында Алай районунун "Чоң-Алай" совхозуна директорлукка дайындалат. Осмонов башкарып турган төрт жылда бул совхоз  ийгиликтерди жаратып, бүт өлкөгө аты чыкканы айтылып келет.

Саясатка аралашуу. Осмоновдун саясий карьерасы абдан тездик менен өсүп, 1978-жылы Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1985-жылы партиянын Ош облустук комитетинин айыл чарба бөлүмүнүн башчысы кызматтарына дайындалат. 1988-жылдан баштап эки жыл партиянын Токтогул райондук комитетинин биринчи катчысынын кызматын аркалайт. 1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңештин төрагалыгына шайланат.

Куугунтукка кабылган жетекчи. 1991-жылы жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы губерантору болуп дайындалып, бул кызматта 1992-жылдын ноябрына чейин иштеген. 1990-жылдан баштап легендарлуу парламенттин, андан соң 1995-жылы Жогорку Кеңештин II чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон. Эл өкүлү болуп жүргөн кезинде да эч нерседен тайманбай оюндагысын айтып турган. Кесиптештери жада калса президентти да катуу сындаганын айтышат. Замандаштары анын жумуштан кетишине ошол убактагы чоң кызматкерлердин кысымы негиз болгон дешет. Себеби карапайым калкка ар дайым жакын болуп, эл үчүн иштеген Осмоновдун кадыры күн сайын өсүп турган. Облустун экономикасын көтөрүп, жолдорду оңдоп, Жалал-Абад телерадиокомпаниясын уюштурган. Олуттуу атаандаштан корккон өлкө жетекчилери ар кандай саясий оюндарды уюштуруп, саясий куугунтук көрсөтө башташкан. Кызматынан кеткенден кийин Ош облустук мамлекеттик администрациясында иштеп, облустук кеңештин төрагасы да болгон. Кийин өмүрүнүн аягына чейин Ош облусунун токой чарба башкармалыгынын директорлугун аркалаган.  Осмоновго 1996-жылы "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери" деген наам ыйгарылган.

Таш тизип, чөп ташыган министр. Кубатбек Боронов тууралуу 6 факты
Колунан китеп түшчү эмес.  Замандаштары Осмоновду интеллектуалдык деңгээли өтө жогору, тарыхты жана маданиятты мыкты билген билимдүү инсан экендигин айтышат. Бир гана кыргыз эмес, дүйнөлүк адабиятты да окуп, ар дайым колунан китеп түшкөн эмес дешет. Аны менен маектешкендер алп денелүү саясатчы сыртынан айбаттуу, сүрдүү көрүнгөнү менен сүйлөшө келгенде жаш-кары дебей сылык мамиле кылып, ар дайым күлүмсүрөп жүргөн жайдары, жумшак мүнөз инсан экендигин эскеришет. Кээ бир учурда колуна калем алып ыр да жаза койчу экен.

Эрте кеткен өмүр.  Осмоновду шум ажал эрте алган. Жүрөк оорусуна байланыштуу Москва шаарында операция жасалып, 1997-жылы 28-октябрында 52 жашында дүйнөдөн кайткан. Тааныш-туугандары анын эч качан оорудум деп айтпаганын эскеришет. Ал кесиби боюнча математика мугалими жубайы Сажида менен 1970-жылы баш кошкон. Экөө 27 жыл чогуу түтүн булатып төрт уул, эки кызды тарбиялашкан. Уулу Темирбек Бекмаматов убагында башкы прокурордун 1-орун басары кызматын аркалаган.