Акыркы коңгуроо бардык КМШ мамлекеттериндегидей эле Кыргызстанга да СССРден калган мурас. Алгачкы жолу бул майрам 1948-жылы 25-майда Москванын №182 мектебинде белгиленген. Бүтүрүүчүлөргө арналган акыркы коңгуроо кагуу демилгеси РСФСРдин эмгек сиңирген мугалими, советтик педагог Федор Брюховецкийге таандык.
Дүйнө жүзүндө мектепти аяктоо кандай шаң менен коштолот?
Акыркы коңгуроо деп аталбаса да дүйнө жүзүндө бүтүрүүчүлөр мектепти аяктап жатканын белгилейт. Бул азем ар мамлекетте ар башка өтөт.
Мектептеги окуучулук күндөргө чекит койгон бул күнү америкалыктар жарашыктуу кийинип, кызыл килемден басып өтүп, эсте калаарлык салтанаттуу түрдө мектеп менен коштошуу үчүн келишет. Американын мектептериндеги салтанаттарда ичимдик ичүүгө тыюу салынган. Англияда да АКШга окшоп бул күндү абдан шаңдуу белгилешет. Алардын да канчадан бери калыптанып калган өз каада-салттары бар. Ал эми Франция, Шотландия сыяктуу өлкөлөрдө мындай майрам жок.
Эң узакка созулган акыркы коңгуроо аземи Польшада өтөт. Поляктар бүтүрүү кечелерине 100 күн калганга чейин эле даярдык көрүп, белгилей башташат. Мындай салтанаттарда ар бир мектепте сөзсүз түрдө Огинскийдин Полонези бийленип, ар түркүн бий таймаштары уюштурулат.
Узактыгы боюнча поляктардан кийинки орунда Норвегия мамлекети турат. Аларда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар 17 күн бою белгиленет. 17-май — Норвегиянын Конституциясынын күнүндө мектеп бүтүрүүчүлөрү тандай турган кесибине жараша кийинип алып, майрамга шаң кошушат.
Окуучулук күндөр менен биротоло коштошууну каалап, окуудан тажагандай түр көрсөткөндөр — бул кытайлыктар. Анткени алар мектепти аяктап жатканда окууну, деги эле мектепти эске сала турган калем сап, дептерден баштап кийген окуучулук кийимине чейин көчөгө ыргытып, бир оор жүктөн кутулгандай сүйүнүшөт экен. Бирок бир жаман жери — эртеси көчөдөгү ыргытылган буюмдарды убара болуп тазалоого туура келет.
Япония жөнөкөйлүгү, сабырдуулугу, токтоолугу менен айырмаланат эмеспи. Мектепти аяктап, чоң турмушка кадам таштап жатса да өспүрүмдөр ашкере сезимге алдырбай, кадимки жүрүм-турумунан жазбай мектепке салабаттуу келип, агай-эжейлерине, мугалимдер жамаатына сый-урматын сыпайы гана көргөзүүгө аракеттенишет.