Жөрөлгөнү жасоодо эмнелерди эске ала жүрүү керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Динара Молдокулова менен Ат-Башы районунун тургуну Жумаш Океева айтып берди.
Баланын тушоосу баскандан кийин кесилбейт. Ымыркай чалынбай, жыгылбай басып кетиши үчүн ата-энеси ал кас-кас туруп калганда эле тушоосун кестиргени оң.
Тушоосу кесилчү баланы жаштар жетелебейт. Той берген тараптан баланы эч ким жетелебейт. Көпчүлүк учурда бир колунан таенеси же таятасы, ал эми экинчи колунан айылдын мартабалуу, нарктуу, улуу адамдары кармаган. Соңунда той ээлери аларга сөзсүз бир белек ыроолоо керек.
Баланын тушоосун кайчы менен кеспейт. Баланын ата-энеси атайын тушоо кесүүгө ыроолоп бир бычак же маки даярдап койгон. Ал бычакты марага биринчи келген бала алат.
Чуркагандарды куру кол калтырбайт. Мурда той ээлери белекке биринчи келгенге тай коюп, мал энчилешкен. Андан сырткары, эркек балдар эр жүрөк болсун деп камчы, чылбыр берсе, кыздарга жоолук, ийне сыяктуу белектерди тартуулашкан. Азыркы учурда балдарга көпчүлүк учурда оюнчуктар ыроолонуп жүрөт.
Той батасыз аяктабайт. Кыргыздын каадалары элден бата алуу максатында жасалат. Тушоо кесүү салтынын соңунда ата-эне сөзсүз баласына бата сурайт. Батаны баланын тай жагы эмес чоң атасы же айылдын кадыр-барктуу адамдары берет.