"Футбол сулуусу" Нарис жолдошу жана балдары менен топ тепти. Видео

Өткөн жумада Футбол федерациясы өткөргөн "Футбол сулуусу - 2018" сынагы жыйынтыкталган. Анда 25 жаштагы Нарис Оморова жеңүүчү деп табылган.
Sputnik

Нарис ышкыбоз катары футболго кызыгат. Үч баланын энеси (бир уул жана эки кыз) банк кызматкеринин окуусун бүткөн, бирок азыркы тапта декреттик өргүүдө.

КР футбол командасы Азия кубогуна ээ боло алабы? Букмекерлердин пикири
"Футбол сулуусу" тартууга жана маектешүүгө жолдошу жана балдары менен оюнчунун формасын кийип келишти. Наристин улуу баласы төрт жашынан баштап топ тээп, Футбол академиясында окуйт.

Наристин айтымында, үй-бүлө футболду абдан жакшы көрөт, бирок өзү эч бир жерде ойноп көргөн эмес. Ал эми жолдошу мурун "Барс" футболдук клубунда ойночу экен.

Мындай конкурска Нарис биринчи жолу катышып жатканын айтып берди.