Кара-Балтадагы "Жунда" заводунда өрт чыкты. Видео

Кырсык техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы "Чайна Петроль Компани Жунда" мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбөлөр билдирип, Telegram каналына өрттүн видеосун жөнөтүшкөн.

"Бүгүн Кара-Балта шаарындагы заводдо өрт катталып, тилсиз жоо бир саат мурун өчүрүлдү", — деп жазылат күбөнүн видеосунда.

ӨКМдин маалымат кызматы аларга мындай өрт тууралуу билдирүү түшпөгөнүн айтты.

Орозонун биринчи түнүндө Бишкекте мечит өрттөнүп кетти. Күбөнүн видеосу
Ал эми "Жунда" заводунун өндүрүш боюнча жетекчисинин орун басары Нурдин Акматов бүгүн аталган жайда чындап эле өрт чыкканын тастыктап, тилсиз жоону өздөрүнүн өрт өчүрүүчү тобу өчүргөнүн кошумчалады.

"Заводдо оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан өрт техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыккан. Бирок өзүбүздүн 90 кишилик өрт өчүрүүчү бөлүмүбүз бар. Алар тилсиз жоону 5-6 мүнөттүн ичинде эле өчүрүүгө жетишти. Жалпы заводдо беш чарчы метр жер эле күйдү. Эч ким жабыркаган жок", — деди Акматов.

Ал ошондой эле завод мунай иштеткендиктен кичине өрт чыкса эле ал жактан кара түтүн чыгарын кошумчалап кетти.