Элчилик: Подмосковьеде 27 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болду

Россиянын полиция жана тез жардам кызматы. Архив
Маркум менен кошо сабалган кыз учурда ооруканада жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май. — Sputnik. Москвада 27 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болду. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы РФтин укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди. 

Үстүбүздөгү жылдын 17-майында элчиликке интернет булак аркылуу Москва облусундагы Красногорское шаарындагы сот-медициналык бөлүмүндө М.У. аттуу кыргызстандык жарандын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. 

“Такталган маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жети жараны 14-май күнү болжол менен саат 15:00дөр чамаларында Красногорское шаарындагы Красный Бульвар көчөсүндөгү суунун жээгине эс алууга чыгышкан. Ал эми саат 17:00дөрдө кайра тарашат да, маркум, бир кыз жана дагы бир эркек киши болуп үчөө андан ары эс алабыз деп калышат”, — деп айталат маалыматта. 

Ушул эле күнү кечинде М.У. жана аны менен калган кыз сабалып ооруканага түшкөн. 

Случаи кражи человека
Ошто карызы үчүн өзбекстандык киши уурдалган. Ага Кытай жараны шектелүүдө
“Кечки саат 20:30дар чамаларында каза болгон жаранга тааныш 25-30 жаштардагы эки киши келип аны сабай башташкан. Ортого түшкөн жанындагы кызды да токмоктошкон. Ызы-чуу башталганда эс алууну улантмак болгон дагы бир эркек киши качып кеткен. Кайра 20-30 мүнөттөн кийин кайтып келсе кыз менен бала жаракат алып жерде жаткан. Тез жардам менен ооруканага алып баратканда М.У. жолдон үзүлгөн. Ал эми кыздын ден соолугу жакшы, учурда дарыланууда”, — деп билдиришти элчиликтен. 

Бул боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон. 

Каза болгон жаран Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулганы маалым болду.