"Айка" киносунун калың элге качан көрсөтүлөрү белгилүү болду

Режиссердун айтымында, картина азыр толук бүтө элек, элге алып чыгуу үчүн дагы бир топ эмгек талап кылынат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Канн кинофестивалында ийгиликке жеткен, кыргыз мигрант кызынын тагдырын баяндаган "Айка" тасмасы быйыл күздө прокатка чыгарын Sputnik Казакстан жазды. 

Бул туурасында картинанын режиссеру Сергей Дворцевой маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, Канндагы фестивалда тасманын толук бүтө элек варианты көрсөтүлгөн. Жакынкы бир жарым айда аны толук бүтүрүп, андан соң күздө прокатка чыгарышат.

"Кино — бизнес эмес, ал искусство. Мен ушуга басым жасаар элем. Бирок картина Канн кинофестивалынын башкы программасына чыккандан кийин ага дароо эле дүйнөнүн 50гө чукул өлкөсүнө эшик ачылат", — деген Дворцевой.

Башкы ролду казакстандык актриса Самал Еслямова ойногон.

Маалымат жыйынында режиссер кинону жаратууга канча каражат сарпталгандыгын айтты.

"Алты жылда 2,5 миллион евро кетти. Бул анча чоң эмес европалык кино бюджет", — деп түшүндүрдү ал.

Казак актрисасы Канндагы фестивалда кыргыз уздары тиккен кийим менен чыкты. Сүрөт
Ал эми "Айканын" башкы каарманынын гонорарын айтуудан баш тартты.

Кыргызстандык жаш келиндин оор тагдыры туурасында тартылган "Айка" көркөм фильми Канндагы фестивалда публикага жаккан эмгектердин бири болду. Залда отургандардын көбү көзүнө жаш алган. Еслямова "Айка" фильминдеги ролу үчүн "Аялдын мыкты ролу" номинациясына ээ болгон.

Режиссер Дворцевой кыргыз мигрант кызынын ролун эмне үчүн казак актрисасы ойногондугун биз менен болгон интервьюда айтып берген.