Ноокен: селге кирип, аккан кишини куткарып чыккан ата-бала сыйланды

Кырсыкка кабылгандар да, аларды куткаргандар ата-бала болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ноокенде сел агызып бара жаткандардын жардамга чакырган үнүн угуп, дароо жетип келип, өмүрүн тобокелге салып аларды куткарып калган каарман ата-бала Сагынбек Маражапов менен Сагынбек уулу Зулпукарды ӨКМ сыйлады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

ӨКМ жетекчиси Аксыдагы жер көчүшү мүмкүн деген жерлерге барды
ӨКМ жетекчиси Нурболот Мирзахмедов аларга "Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн" медалын тагып, "Алкыш" баракчасы тапшырды.

Эскерте кетсек, 19-майда 20:00-21:00­ чамасында Ноокен районундагы Кара-Булак сайында тыгылып калган Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны чыгарам деп жаткан жигитти капыстан келген сел агызып кеткен. Ага чейин уулу телефон аркылуу досторун жардамга чакырган.

Айтмакчы, сел кырсыгына кабылгандар да ата-бала болгон.

"Ошол жерге жакын жашаган Сагынбек Маражапов жана анын уулу Сагынбек уулу Зулпукар жардамга чакырган адамдардын үнүн угуп, сайдын ичинде агып бара жаткан автоунаада киши­ бар экендигин байкап калышкан. Сайга аркан ыргытып, агып жаткан сууга түшүп келип, селде калган Рустем Махсудовдун белине арканды байлап, алып чыгып, үйүнө алып барып, суу болгон кийимдерин кургатып, камкордукка алышкан ", — деп айтылат маалыматта.

Баласын куткарган учурда жардын жээгинде отурган атасы жок болуп кетип, эртеси куткаруучулар менен милиция анын сөөгүн төмөнүрөөк жактан суудан тапкан.