Абылгазиев Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарын алмаштырды

Маалыматта Исаков жумуштан өз арызынын негизинде кеткени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын биринчи орун басары Жеңиш Исаков кызматынан бошотулуп, ордуна Шамил Бердалиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү эки буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматта Исаков жумуштан өз арызынын негизинде кеткени айтылат.

Эскерте кетсек, бир жума мурун Бажы кызматын жетектеп келген Кубанычбек Кулматов кызматынан алынып, ордуна Алмаз Оңолбековдайындалган.