Бишкек: №3 балдар ооруканасындагы 8 жаштагы бөбөктүн өлүмү териштирилүүдө

9-апрелде баланын тамагы ооруп, жөтөлүп баштаганда ата-энеси №3 балдар ооруканасына алып барган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Апрель айынын башында Бишкектеги Медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына ангина оорусу менен түшкөн 8 жаштагы жеткинчек каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине бөбөктүн эжеси билдирди.

Анын айтымында, 9-апрелде инисинин тамагы ооруп, жөтөлүп баштаганда ата-энеси №3 балдар ооруканасына алып барган.

"Буга чейин кез-кезде тамагы ооруп калчу. Ооруканага кайрылганда жакшы эле жүргөн, көп өтпөй комага түшүп, 16-майда каза болуп калды. Ата-энеси Бишкекте эле турат. 2-класста окучу. Колубуздан тарттырып ийип отуруп калдык", — деди баланын эжеси.

Балыкчыда эгиз төрөгөн 33 жаштагы келин каза болду
Саламаттык сактоо министрлиги жеткинчек аталган ооруканага жатып дарыланганын тастыктады. Маалымат кызматынын билдирүүсүндө, бала ооруканага ангинанын өтүшүп кеткен формасы менен түшүп, абалы улам оорлоп, реанимация бөлүмүнө которулган.

Министрлик учурда бул боюнча атайын медкомиссия түзүлгөнүн айтып, кененирээк маалыматты комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин берерин кошумчалады.