Балыкчыда эгиз төрөгөн 33 жаштагы келин каза болду

Кош бойлуу аял Балыкчы аймактык ооруканасына кан басымы көтөрүлүп, өтө оор абалда келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Балыкчы шаарында төрөттөн 33 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашева маалымдады.

Анын айтымында, окуя 17-май күнү катталган.

"Кош бойлуу келин Балыкчы аймактык ооруканасына кан басымы көтөрүлүп, өтө оор абалда келип түшкөн. Дарыгерлер аны операция жолу менен төрөтүп, эгиз балдарды жарык дүйнөгө алып келери менен аялдын жүрөгү токтоп көз жумган. Маалым болгондой, эгиздердин апасы буга чейин бир да медициналык жайга каттоого турган эмес. Өзүнүн жашаган жери Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылы экендиги такталды. Балыкчы шаарында ал убактылуу жашап жатканы же конок болуп келгени учурда такталууда. Абалы оор болуп түшкөндүктөн Бишкек, Каракол шаарларынан санавиация жөнөткөнбүз, бирок ага жетпей үзүлүптүр", — деди Асылбашева.

Апа, мен сизди көрөмбү?.. Ара төрөлүп, аппаратка байланган наристелер
Эгиздердин бири кыз, бири эркек. Асылбашева ымыркайлар айына жетпей (34 жумасында) жарыкка келип, учурда Балыкчыдагы төрөт үйүнүн ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

"Келиндин эмнеден улам көз жумганынан аныктоо кыйын болуп жатат. Жок дегенде дарыгерлерге 1-2 күн эрте кайрылганда аман калмак беле. Учурда соттук медициналык-экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы чыкканча келиндин өлүмүнө эмне себеп болгонун айтуу кыйын", — деди Асылбашева.

Маалым болгондой каза болгон келиндин эгиздерге чейин бир баласы бар болчу. Асылбашева жолдошунун бар-жогу такталып жатканын кошумчалады.