Апта ирмеми: КамАЗ айдаган Путинден атаандашын чөгөлөткөн Жээнбековго чейин

Sputnik

"Русские витязи" учкучтар тобу башкарган Су-30СМ истребителдери Кубинка аэродромунда өзгөчө номер көрсөттү.

Гавай архипелагындагы Чоң аралда Килауэа жана тоосу кыймылга келди. 19 жери ачылып, лава күнү-түнү агып чыгып жатат. Анын асмандан көрүнүшү башкача сезим тартуулайт.

Италиядагы үйлөрдүн биринин боорундагы токой. Адамдын колунан эмнелер гана келбейт!

WEF Global 12: тердеген, ызаланган, чарчаган мушкерлер. Сүрөттөгү эмоциялар
Беш президент жана жаңы шайланган өкмөт башчы. Сочидеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп, ага Сооронбай Жээнбеков, Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенко, Игорь Додон жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышкан.

15-майда Россия президенти Владимир Путин КамАЗ айдап, Крым көпүрөсүн ачты. Керчь куймасы аркылуу өткөн Крым көпүрөсү Россиядагы заманбап курулуштардын бири болуп калды.

14-майда борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 12 эл аралык мелдеши өткөрүлдү. Турнирдин башкы окуясы оор салмактагы мушкерлер — кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен швециялык Малик Тамбенин беттеши болду. Натыйжада Жээнбеков атаандашын биринчи раундда эле техникалык нокаут менен жер каратты.

Жума күнү Кубада 100дөн ашык жүргүнчүнү алып бара жаткан Boeing 737 учагы кулап, 107 адам каза болду. Маалыматка ылайык, учактын ичинде 110 адам болгон. Алардын 104ү жүргүнчү, калган алтоо экипаждын мүчөсү экендиги айтылды.

"Музейдеги түн" акциясы Кыргызстандын бардык аймагында, анын ичинде Бишкекте Көркөм сүрөт өнөрү музейинде өттү. Мындай иш-чараны дүйнө боюнча 155 өлкө белгилеп келет.

1 / 18
Гавай архипелагындагы Чоң аралда Килауэа жана тоосу кыймылга келди. 19 жери ачылып, лава күнү-түнү агып чыгып жатат. Мындан сырткары, вулкан ысык лаварларды 150 метр бийиктикке чейин чачыратууда. Анын кесепетинен майдын башынан тарта 37 үй жана ондогон автоунаалар жок болуп, миңдеген адамдар турак-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду
2 / 18
Израилдин түптөлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимде аталган мамлекеттин элчилиги ачылгандыгын расмий жарыялады. АКШ жетекчисинин бул кадамы дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн нааразылыгын жаратты
3 / 18
Су-30СМди башкарган "Русские витязи" учкучтар тобу Иван Кожедуб атындагы авиация техникаларынын борборунун 80 жылдыгында. Кубинка аэродрому
4 / 18
Порта Нуовада үй боорундагы токой. Адамдын колунан эмнелер келбейт. Италиядагы керемет
5 / 18
14-майда борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 12 эл аралык мелдеши өткөрүлдү. Турнирдин башкы окуясы оор салмактагы мушкерлер — кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен швециялык Малик Тамбенин беттеши болду. Натыйжада Жээнбеков атаандашын биринчи раундда эле техникалык нокаут менен жер каратты.
6 / 18
Индиялык актриса, фотомодель Айшвария Рай кимдерди суктандырбаган. Актриса Канндагы эл аралык 71-кинофестиваль учурунда
7 / 18
Сочи. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында. Сооронбай Жээнбеков, Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенко, Игорь Додон жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жыйындан кийин сейилдеп басып келе жатышат
8 / 18
Краснодар крайынан Керчке чейинки жол. Керчь куймасы аркылуу өткөн Крым көпүрөсүнүн ачылышы 15-майда ачылган. Эки аймактын аралыгы — 19 чакырым.
9 / 18
Россия президенти Владимир Путин КамАЗ айдап, Крым көпүрөсүн ачты. Керчь куймасы аркылуу өткөн Крым көпүрөсү Россиядагы заманбап курулуштардын бири болуп калды
10 / 18
Босниялык теннисчи Дамир Жумхур Рафаэль Надаль менен беттешүү учурунда. Римде өткөн "Мастерс" турниринде
11 / 18
Дамаск шаарына жакын жер. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жайгашкан жерин камалоо учуру
12 / 18
Орозо айынын башталышын майрамдап жаткан жигит. Газа сектору (Палестина)
13 / 18
Сенегалдын полициясы студенттер менен кагылыша кетти. Сен-Луиде студенттерге ай сайын карала турган субсидияны бербей коюшкандан кийин нааразычылык башталган. Он миңдеген студент субсидиянын жардамы менен билим алып келишкен
14 / 18
Сууда калкыган таштандылар арасындагы канаттуу. Улсур көлү (Индия)
15 / 18
Шамал Рим папасы Францисконун кийимин учуруп, сүйлөп жаткан учурда бетин жаап салды. Ватикан, Ыйык Петр аянты
16 / 18
Жума күнү Кубада 100дөн ашык жүргүнчүнү алып бара жаткан Boeing 737 учагы кулап, 107 адам каза болду. Маалыматка ылайык, учактын ичинде 110 адам болгон. Алардын 104ү жүргүнчү, калган алтоо экипаждын мүчөсү экендиги айтылды.
17 / 18
Купальникке түшкөн желектердин сүрөтү
18 / 18
"Музейдеги түн" акциясы Кыргызстандын бардык аймагында, анын ичинде Бишкекте Көркөм сүрөт өнөрү боюнча музейде өттү. Мындай иш-чараны дүйнө боюнча 155 өлкө белгилейт.