Ошто карызы үчүн өзбекстандык киши уурдалган. Ага Кытай жараны шектелүүдө

Төрт шектүүнүн арасында кытай жараны да бар. Өзбекстандык уурдалган адам ага акча карыз экени маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ош облусунда төрт адам Өзбекстан жаранын унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен. Бул тууралуу Ош облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 15-май күнү Ош облусунун Кара-Суу айылынын Кызыл-Кыштак  айылында катталган.

"Милицияга арыз менен Өзбекстандын Анжиян облусунун 52 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз төрт адамга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 15-май күнү "Достук" чек ара постунун жолунда белгисиз төрт адам унаага күч менен 36 жаштагы өзбек жаранын салып, башка жакты көздөй айдап кетишкен", — деп маалымдалган билдирүүдө.

Баткенде чек арадан унаа багажнигине түшүп өтмөкчү болгон өзбек жараны кармалды
Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 125-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында 16-май күнү кылмышка шектүү адамдар кармалып, аты-жөнү такталды. Алар 44 жаштагы кытай жараны, Ош облусунун Өзгөн районунун 37 ге чыккан тургуну, Ош шаарынын 25теги тургуну жана Кара-Суу районунун 26 жаштагы жашоочусу экени маалым болду.

Иликтөө иштеринде такталгандай, өзбекстандык киши Кытай жаранына акча карыз болгондуктан шектүүлөр аны уурдап, биринин үйүнө камап, сабашкан. Учурда алардын баары убактылуу кармоочу жайда.