Милиция кызматкерлери Энелер күнүндө апаларын куттуктады. Көзгө жаш алдырган видео

Быйыл Энелер күнү 20-майда белгиленет.
Sputnik

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери өз апаларын Энелер күнү менен куттуктап, аларды канчалык жакшы көрөрүн айтышты.

Жээнбеков Манас Ниязов баштаган мыкты уул-кыздардын энелерин сыйлады
Милиция кызматкерлеринин куттуктоосу ЖКККББнын Facebook баракчасына жарыяланды.

Видеодо Толгонай Арзыкееванын аткаруусундагы "Эне жөнүндө баллада" ырынын клиби колдонулган. Бир нече милиция кызматкери апаларына чалып, энелерин куттуктаган учур видеого тартылган. Милиционерлердин бири апасына чалып, анын үнүн укканда көзүнө жаш алган.

Кыргызстанда Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.