Кубада 100дөн ашык адамды алып бара жаткан учак кулады

Аба кемеси жерден көтөрүлгөнүнө бир нече мүнөттөн кийин эле кырсыкка учураган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жума күнү Куба мамлекетинде 100дөн ашык жүргүнчүнү алып бара жаткан Boeing 737 учагы кулаганын Telemundo каналына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды. 

​Маалыматка караганда, учак Cubana de Aviacion компаниясына тиешелүү болгон. 

“Учак Гаванадан Ольгин шаарына учуп бара жаткан. Бирок ал абага көтөрүлгөнүнө бир нече мүнөттөн кийин гана кулап түшкөн”, — деп жазылат макалада.

Айрым ЖМКлар учакта 104 адам болгонун жазса, дагы башкалары 107 деп айтышууда.