Көчмөндөр оюндарына келчү туристтер үчүн Nomad nights долбоору даярдалууда

Маданият, маалымат жана туризм министри Айнура Темирбекова Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына келчү туристтер үчүн Nomad nights долбоору даярдалып жаткандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Аткаминер Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда өткөн видео маалымат жыйынында болду.

Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун программасында Nomad nights (көчмөндүн түнү) деп аталган туристтик продукт даярдалып жатат, ал акы төлөп, күбө боло турган түн. Уюштуруучулар Кырчын жайлоосундагы капчыгайга боз үйлөрдүн айылын жайгаштырмакчы.

"Боз үйгө түнөп, өзүңүздү чыныгы көчмөн катары сезесиз. Ал кышкысын жылуу, жайкысын салкын. Эгерде жамгырдан суу болсо, күн чыкканда кийиз тез эле кургап калат. Боз үйдө жатып, түндүктөн жылдызга көз чаптырып, түн өткөрсө болот", — деп айтып берди Темирбекова.

Айтмакчы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу бөлүгүнө кийип чыкчу форманын дизайнына сынак жарыялады