Рамзан Кадыровдун мал-мүлкү: 2345 чарчы метрлик үй жана миллиондор

Чеченстандын президенти декларациясында аялы менен жашы жете элек баласынын тапкандарын да көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров былтыр 7 миллиондой рубль тапканын декларациясында көрсөткөнүн РИА Новости агенттиги билдирди.

Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн айлыгы жана кошумча киреше булагы. Декларация
Документке ылайык, Кадыров 2017-жылы 6,93 миллион рубль иштеп тапкан. Ал ошондой эле 3 668 чарчы метрлик жери жана 2344,6 чарчы метрлик үйү бар экенин көрсөткөн. Андан сырткары, 300 чарчы метрлик үйгө да ээлик кылат.

Ал эми Кадыровдун жубайы былтыр 60 миң рубль иштеп тапкан. Андан сырткары, 209,8 чарчы метрлик батирге ээлик кылат.

Ошондой эле Чеченстандын президентинин жашы жете элек баласы 2017-жылы 296 миң рубль тапкан.