Мексика Дональд Трамптын айткандарына нааразы болду

Мексиканын Вашингтондогу элчилиги АКШнын мамдепартаментине нота тапшырганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май – Sputnik. Мексика өкмөтү бейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын мигранттар боюнча айтканына нааразылык билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Мексиканын Вашингтондогу элчилиги АКШнын мамдепартаментине нота тапшырганы айтылды.

"Америкалык президенттин айткандары туура эмес, ал АКШдагы мексикалыктар үчүн душмандык жагдай түзүп берип жатат", — деп айтылган Мексика ТИМинин коммюникесинде.

Буга чейин Трамп АКШга мыйзамсыз кирип жаткан мигранттарды "мал" деп атаган.

Ак үй президент Трамптын сүйлөшкөндөрү элге жайылып кеткенине нааразы
Мексика ТИМинин пикиринде, Трамптын минтип айткандары — эки тараптуу мамилелердеги жоопкерчиликтин принциптерин бузгандык.

Дональд Трамп АКШдагы президенттин шайлоо алдында эгер мамлекет башына келсе, Мексика менен чек арага дубал курарын, дубал мыйзамсыз миграция менен кылмыштуулукту азайтарын айткан. Анысын Трамп ишке ашырмай болуп турат. Мартта АКШнын конгресси Мексика менен болгон чек арага дубал тургузууга 1,6 млн. доллар бөлүүгө макул болгон.