Дональд Трамп — өмүр баяны

АКШнын 45-президенти Дональд Жон Трамп 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорк шаарында туулган. Эки жогорку билими бар. 1964-жылы Нью-Йорк аскердик академиясын, 1968-жылы Пенсильвания университетинин финансы мектебин аяктаган.
Sputnik

1971 — атасы жетектеген компанияга жумушка орношуп, алгачкы жеке долбоору катары Манхэттенге бизнес-борбор курган;

1974-1982 — бир катар иши жүрүшпөй жаткан мейманканаларды сатып алып, өз ысымына которгон;

1982  — Тармпка дүйнөлүк атак алып келген 58-кабаттуу Trump Tower асман тиреген имараты курулуп бүткөн;

1996-2015 — "Аалам сулуусу" сынагынын кожоюну болгон;

2004  — NBC каналындагы "Окуучу" реалити-шоусунун алып баруучусу жана продюсери болгон;

2005  — Donald J. Trump Signature Collection деген аталыштагы кийим-кечектерди чыгарган;

2012  — PARLUX компаниясы менен биргеликте Success by Trump атырын, 2015-жылы Empire атырын чыгарган;

2016  — АКШнын президенттигине талапкер катары расмий каттоодон өткөн;

2017 —  6-январь күнү АКШ Конгресси  Дональд Трамптын шайлоодогу жеңишин расмий жарыялаган;

Үй-бүлөлүү, үч жолу үйлөнгөн. Бардык жубайларынан беш баласы бар.