Адашып кеттим. Депутат Аманкулов Атамбаевдин кол тийбестигин алууга каршы

Кечээ Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча сунушту колдоп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча Исхак Масалиевдин сунушуна каршы. Бул тууралуу КСДП фракциясынын секретариатынан билдиришти.

Кыргызстанда иштеп жаткан жана экс-президенттерди жоопко тартса болобу?
Жогорку Кеңеш ТЭЦтеги аварияны жана аны модернизациялоодогу каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, токтом кабыл алды. Ошондой эле парламент Исхак Масалиевдин экс-президент оор кылмыштарга шектелген учурда кол тийбестик статусун алуу механизмдерин иштеп чыгуу сунушу боюнча токтом кабыл алды.

"Жалпысынан комиссиянын чыгарган бүтүмүн колдоп бердик. Бирок Масалиевдин сунушуна жаңылып добуш берип алыптырмын. Менин позициям аталган сунушка каршы келет. Экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамдын эмнеге керектигин түшүнбөй турам. Үч күнгө созулган талкууда депутаттардын бардыгы ТЭЦ модернизациялоого муктаж болгонун жана кытай гранты керек болгонун моюндап жатышты", — деди Аманкулов.

Парламентарий долбоордун аткарылышы боюнча суроолор бар экенин белгилеген.

"Эгер коррупция болгон болсо күнөөкөрлөрдү жазалаш керек. Бирок буга президент менен кол тийбестиктин кандай тиешеси бар? Мен жана депутат Жылдыз Мусабекова Масалиевдин сунушуна каршы чыгып жатабыз", — деди Аманкулов.

Ал ошондой эле регламентке ылайык, ар бир депутаттын сунушу добуш берүү алдында окулушу керектигин кошумчалап