КР футбол командасы FIFA рейтингинде мыкты көрсөткүчүн сактап калды

Кыргызстандын курама командасы Азия континентинин мыкты командаларынын арасында 7-орунду ээлеп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде (FIFA) өзүнүн рекорддук 75-ордун сактап калды.

Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, тизме бүгүн жаңыланды.

Эске салсак, ушул жылдын март айында Александр Крестининдин тарбиялануучулары Мьянма (22-мартта) жана Индия (27-мартта) курама командаларын жеңип, биринчи жолу Азия Кубогу мелдешинин финалдык бөлүгүнө жеткен.

"Футбол сулуусу — 2018" сынагын үч балалуу келин жеңип алды
Рейтингдин апрель айындагы жыйынтыгы боюнча курама команда 75-орунга илинген.

Ошондой эле кыргызстандык футболчулар Азия континентинин мыкты командаларынын арасында 7-орунда турат.

Айдын мыкты командасы наамын кувейттик футболчулар алса (160-орун, 16 позицияга жогору), эң начар команда катары Палестинанын курамысы табылды (96-орун, 13 полицияга төмөн).

Кыргызстандын тайпадагы аттаандаштары Түштүк Корея 61чи, Кытай 73чү, Филиппин 111-орунга илиништи.